COVID-19. Бир суткада 4 бейтап каза болуп 229 адамдан илдет аныкталды

0

Кыргызстанда 25-августка карата коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 102, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 45, Ош облусунда — 8, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 196, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 85, Ош облусунда — 27, Талас облусунда — 16, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 74, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда — 15 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 260 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 794 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 743 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 416 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 590 киши айыгып чыкса, 2 миң 498 адам каза болду.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.