Ден соолукка өтө пайдалуу кеңештерди биле жүрүңүз

0

 Сабизди уктаар алдында жесеңиз, ден соолукка пайда.                

· Сууну узак кайнатуу же кайнатылган сууну кайрадан дагы кайнатып чай демдөө өтө зыян.

· Бийалма (айва) ширеси боор оорусун дарылайт. Күнүнө 1-2 стакан бийалма ширесин ичүү сунушталат.

· Ар кандай ооруну дарылоо ашказанды айрандын сарысы менен жуугандан башталат.

· Бутуңузду ар дайым таза, кургак жана жылуу кармаңыз.

· Көк чай бөйрөктү жууйт, андагы сезгенүүнү айыктырат.

· Адатта кечки саат ондон таңкы алтыга чейин укташ керек.

· Жатаар алдында жеңил дене тарбия көнүгүүлөрдү жасаңыз.

· Уктаар алдында төмөнкүлөрдү жесеңиз болот: алма, бир кашык бал, бир стакан кефир же бал кошулган бир стакан жылуу сүт.

· Тез-тез айрандын сарысын ичип туруу кандын булганышынан (уремия) сактайт.

· Жайкысын муздак сууга тез-тез жуунуп турсаңыз, жүрөгүңүздүн жана бооруңуздун иштеши жакшырат.

· Итмурунду кайнатып, чайдын ордуна ичүү өтө пайдалуу.

· Дайыма отуруп иштеген адам ар саатта ордунан туруп бассын.

· Ашказаныңыз ооруп жатканда эртең менен жана уктаар алдында бир кашык дакталган зайтун майын ичүү сунушталат.

· Кези келгенде орточо ыйлап туруу ден соолукка пайдалуу.

· Жашылчаларды көп пайдалануу өмүрдү узартат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.