Жашооңузду ак менен кара зебрадай эмес күн желесиндей элестетиңиз

0


Биз жашоону ак менен карадан, күн менен түндөн турат дейбиз.  Ошол жашоонун кара тарабын унутуу үчүн, адам өз ойлоруна талдоо жүргүзүп, ойлорун оңдоо керек. Сиз өзүңүзгө жага бербеген аба-ырайы, жагымсыз жолугушуу, орой телефон чалуу жөнүндө ойлойсузбу? Сөзсүз. Бул ойлор сиздин көңүлүңүздү, бара-бара  табыңызды да өтө жетишерлик чөгөрө берет. Сиз көңүл чөгөргөн  нерселерди канчалык көп ойлосоңуз, ошончолук муңдуураак болосуз да, өзүңүзгө кара энергияны ошончолук тез жакындатасыз.

Жашоонун кара бөлүктөрү менен күрөшүүнүн бирден бир ыкмасы – ойлорду позитивдүү агымга которуу. Сиздин жашооңузда жагымсыз окуя пайда болгон кезде ичиңизден,«Бул сабак үчүн, жашоонун мага жана менин жакындарыма кайрымдуу болгону үчүн мен жашоого ыраазымын» деп кайталаңыз. Качан акыл-эс каршылыгын токтотуп, буга ишенип калганча кайталай бериңиз. Мындан аркы окуялар ушундай калыптанышат, ыңгайсыздыктар сиздин үйүңүзгө жолду унутуп калышат.

Максатты калыптанткыла жана ийгиликти жараткыла
Жашоодо максатка умтулбаган бактылуулар же болбосо чыгармачыл эмес кишилер болбойт. Жамандык жөнүндө ойлобой, муңаюуга үлгүрбөгөн кишилер гана жашоонун ак тилкеси менен гармонияда жашашат. Эмне үчүн? Бул кишилер жөн гана пайдалуу иштер, максаттуу калыптандыруу жана аягында ага жетишүү менен алек. Эгерде сизге максат коюу кыйын болсо, кылдат ойлонуп көрүңүз: Кантип эле сиздин жашооңузда умтулган нерсе болбосун? Коркууну жана шектенүүнү алып салыңыз – булар ийгиликтин анык кедергиси. Өз күчүңүзгө ишениңиз, кыялданыңыз, сизге ыңгайсыз нерсе менен алектенгенди таштап салыңыз!

Анан, адамдарды жакшы көрүүнү унутпаңыз. Адамдардын сизге жагымдуу же тескерисинче кыжырданткан, киши чыдагыс көрүнүшү маанисиз. Кишилерден кандайдыр бир оң, кандайдыр бир кызыктуу, кандайдыр бир жалпылыкты табууга аракеттениңиз. Ушундай учурда гана адамдар сизди жакшы көрүшөт, демек сиз өзүңүздү күчтүү, өз жашооңузду өзгөртүүгө каалооңузда толук ишенимдүү сезесиз.

Зебрабы же күн желесиби?

Аягында сырды ачкым келет: жашоо – ак-кара зебра эмес, жашоо – түркүн түстөгү асанүсөн. Анда ар бир тилке ар кандай түстө, ар бир окуя жаңы түстөр менен толтурулган. Бул палитраны пайдалангандан коркпоңуз!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.