ДСУ Кыргызстандагы эмдөөнүн жүрүшүнө кабатыр

0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп жатканын 18-августтагы басма сөз жыйынында билдирди.

 

Ошондой эле өлкөдө апрель айында COVID-19 вирусунун альфа, бета варианттары табылганын кабарлады.

 

«ДСУнун максаты сентябрь айына чейин дүйнөдөгү ар бир өлкөдө калктын 10%, жыл соңуна чейин 40%, келерки жылы 70% эмдөө. Пандемияны бул максатты ишке ашыруу менен гана жеңе алабыз», — деди Артыкова.

 

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Жалпы эмделгендер 900 миңден ашты.

 

Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.