Батыш Европада алты аптадан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны азайып келгени менен соңку бир жуманын ичинде илдетке чалдыккандар кайра көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча регионалдык директору Ханс Клюге билдирди.
Анын айтымында, акыркы жети күндүн ичинде Европада 1 миллион адамдан коронавирус табылды. Бул андан бир жума мурдагы көрсөткүчкө караганда 9 пайызга көп.
Ханс Клюге статистиканын көбөйүшүнө чөлкөмдө коронавирустун жаңы варианттары жайылып жатканын жана чектөөлөр “коопсуз жана көзөмөлдөгөн шартта” алынбаганын себеп катары көрсөттү.
Коронавирустун “британиялык” деген атка конгон жаңы штаммы Европанын кеминде 27 өлкөсүндө табылды.