Кыргызстанда акыркы күндөрү «Кытай коркунучу» темасын кайрадан активдүү түрдө коомчулукка жайылтуу аракеттери башталды. Буга Кытай делегациясынын келиши, коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жана стратегиялык долбоорлордун талкууланышы шылтоо болду.
Бирок, окуяны салмактуу талдоонун ордуна, коомго кайрадан коркунуч, шектенүү жана «эгемендүүлүктү жоготуу» тууралуу кептер сунушталууда. Айрыкча акыркы күндөрү бул темуну Temirov Live жана журналист Лейла Саралаева активдүү алдыга жылдырууда. Анда кооптуу билдирүүлөр, «жашыруун келишимдер», «Кытайга көз каранды болуу» жана суверенитетке коркунуч тууралуу сөздөр колдонулуп жатат. Бирок, эгерде эмоцияларды четке кагып, жөнөкөй суроо бере турган болсок: эмне үчүн Кыргызстандын Кытай менен болгон ар кандай кызматташтыгын мамлекеттүүлүккө коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылышат?
Кыргызстан — ири державалардын кызыкчылыктары, транспорттук каттамдар жана экономикалык долбоорлор кесилишкен Борбордук Азия чөлкөмүндө жайгашкан. Кытай бул системада эчактан бери негизги оюнчулардын бири болуп саналат. Пекин менен Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Европа өлкөлөрү жана атүгүл соода согуштары менен саясий карама-каршылыктарга карабастан АКШ да кызматташат. Себеби, бүгүнкү күндө Кытай — дүйнөдөгү эң ири экономикалардын бири жана инвестициялар менен инфраструктуралык долбоорлордун маанилүү булагы. Мындай шартта Кыргызстандын Кытай менен болгон байланыштарын «өлкө кызыкчылыгын сатуу» катары көрсөтүү аракеттери ачык эле саясатташкан көрүнүш сыяктуу. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары инвестициялык климатты жакшыртуу, чет элдик инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун бекемдөө боюнча иш алып барып жаткан учурда, айрым жарандар өз аракеттери менен бул процесстерге чыккынчылык менен тоскоолдук кылышууда.
Эч кандай негизсиз, такталбаган фактыларга таянган провокациялык материалдарды жарыялоо менен, алар терс маалыматтык фонд түзүп, мамлекеттин эл аралык аброюна зыян келтирип, потенциалдуу инвесторлордун өлкөгө болгон ишенимин кетирүүдө. Мындай аракеттер өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келет жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чаралардын ишке ашуусуна жолтоо болот. Айрыкча азыркы тапта, бүтүндөй чөлкөм терроризм, диний экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук жана киберкоркунучтарга туш болуп жаткан учурда, коопсуздук кызматтарынын деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр — бул кадимки эл аралык практика. Жакында эле УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө терроризмге, экстремизмге, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана стратегиялык долбоорлордун, анын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Бирок, дал ушул жолугушуу эмоционалдык билдирүүлөрдүн жаңы толкунун жаратты. Лейла Саралаева бул сүйлөшүүлөргө комментарий берип, кыргыз жана кытай атайын кызматтарынын өз ара аракеттенүү фактысынын өзүнөн күмөн санады. Анын логикасы боюнча, эгер Кыргызстан кытайлык инвесторлордин коопсуздугуна кепилдик берсе, анда бул дээрлик көз каранды болуп калууну билдирет. Бирок анда каалаган эл аралык диалогду «сырттан башкаруу» деп атоого болот. АКШнын Кытай менен сүйлөшүүлөрү — көз карандылык, Европанын Кытай менен байланыштары дагы, Казакстандын, Россиянын же Өзбекстандын биргелешкен долбоорлору — эгемендүүлүктү жоготуу болуп калабы?
Инвестиция тартып, эл аралык долбоорлорду ишке ашырып жаткан каалаган мамлекет бизнестин, инфраструктуранын жана транспорттук каттамдардын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү. Бул «өлкөнү өткөрүп берүү» эмес, эл аралык мамилелердин базалык практикасы. Анын үстүнө, Кыргызстан эл аралык терроризмдин кесепеттерине буга чейин эле туш болгон. 2016-жылы Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдында болгон терактты эске алуу жетиштүү. Ал кезде өлкөнүн коопсуздугу гана эмес, эл аралык аброю да жабыркаган. Бул окуядан кийин көзөмөл чаралары күчөтүлүп, мамилелерде кыйынчейликтер жаралган жана Кыргызстанга чет элдик өнөктөштөр менен инвесторлордун ишенимин кайрадан калыбына келтирүүгө туура келген. Укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилери чет элдик инвесторлорго коопсуздук кепилдигин бергени — кадимки эл аралык тажрыйба. Кеп Кытай жөнүндө гана эмес, мындай механизмдер инвестициялык климатты чыңдоо максатында дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө иштейт. Инвестор өлкөгө кирип, ири долбоорлорду ишке ашырып жатканда, мамлекет инвестициялардын, инфраструктуранын, кызматкерлердин жана жалпы бизнестин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. Бул Кыргызстанга гана эмес, Кытайдын өзүнө жана башка мамлекеттерге да тиешелүү.
Ошондой эле, кытай тарап да өз аймагындагы кыргызстандык инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат. Бул — мамлекеттер ортосундагы кадимки эл аралык практика жана өз ара милдеттенмелердин бир бөлүгү. Дал ушул себептен улам, бүгүнкү күндө атайын кызматтардын кызматташуусу, маалымат алмашуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү аракеттерди координациялоо — Кыргызстандын өзүнүн улуттук кызыкчылыгынын маселеси болуп саналат. Бирок коопсуздук, экономика жана геосаясат тууралуу олуттуу талкуу жүргүзүүнүн ордуна, медиа фигуралардын бир бөлүгү кайрадан коомдун коркунучтары менен ойногонду туура көрүшүүдө.
Бул схема көп жылдардан бери өзгөрбөй келет: алгач коомго айрым ишканалардын экологиялык көйгөйлөрүн көрсөтүшөт, кийин миграция темасын кошушат, андан соң чет элдиктерден чочулоо сезимин ойготушат. Акырында мунун баары эмоционалдык бир конструкцияга бириктирилет: «Кытай Кыргызстанды басып алып жатат». А чындыгында реалдуулук алда канча татаал. Кыргызстанга инвестиция, инфраструктура, жаңы транспорттук каттамдар, экономиканы модернизациялоо жана жумуш орундары керек. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу — бул жөн гана кезектеги долбоор эмес, бул өлкөнү жаңы эл аралык логистикалык чынжырларга кошуу аракети. Бүгүнкү күндө бүтүндөй чөлкөм транзит, соода жана ири базарларга чыгуу үчүн күрөшүп жатат. Казакстан транспорттук коридорлорду активдүү өнүктүрүүдө, Өзбекстан Борбордук Азиянын башкы логистикалык түйүнү болууга умтулууда, жана Кыргызстан да өз ордун табууга аракет кылып жатат.
Бирок муну туруктуу коркунучтар аркылуу талкуулоо, экономика жана геосаясат тууралуу татаал маек курууга караганда алда канча оңой. Мында Temirov Live менен Саралаева бири-бирине такыр тиешеси жок темаларды — инвестицияларды, коопсуздукту, коррупцияны, мүлктү, ички саясатты жана Ташиевдин фигурасын бир конструкцияга аралаштырып жатышат. Түпкүлүгүндө бул суроолордун көбү Кыргызстан менен Кытайдын сүйлөшүүлөрүнө эч кандай байланышы жок. Мындай маалымат берүү биринчи кезекте эмоцияларга багытталган. Анткени коркунуч сезими дайыма жакшы «сатылат». Коркунуч аркылуу көрүүлөрдү (просмотр) чогултуу, «эл коргоочусу» деген саясий образды түзүү жана коомдук маанайды чайкоо оңойураак. Бирок мамлекет бир гана эмоциялар жана саясий популизм менен жашай албайт.
Кыргызстан дүйнөлүк ири оюнчулар менен мамилелерди курууга, стратегиялык долбоорлордин коопсуздугун камсыздоого жана аймактык экономикада өз орду үчүн күрөшүүгө милдеттүү.
Азыркы заманда мамлекеттер истерика же сырттан душман издөө менен утушка ээ болушпайт. Бул жарышта өз кызыкчылыктарын суук кандуулук менен коргой алган, өнөктөштүктү туура курган, коопсуздукту камсыздаган жана өзүнүн географиялык абалын чексиз коркунучтун булагы катары эмес, чоң артыкчылык катары колдоно билгендер гана утушка ээ болушат.
Булак: https://www.vb.kg/doc/458741_na_kogo_rabotaut_infocygane:_na_yygyrskih_separatistov_ili_na_tashieva.html