Кир самындын кандай пайдасы бар?

0

Кир самындын канча % жакшы самын болуп эсептелет?
.
✔️Кир самындын кир кетиргенден да башка өзгөчөлүктөрү көп. Эгерде ким үй тиричилигинде кир самынды көп пайдаланса, туптуура кылат! Анткени, кир самын табигый жана экологиялык жактан таза материалдардан жасалат да, аллергияга каршы касиетке ээ жана адамдын организмине эч коркунучу жок.
✔Мына ушул кир самындын кирди кетиргенден тышкары да өтө көп касиеттери бар. Кир самындагы пайыздык сандар эмнени билдирет? 72%, 70%, 65% — бул майлуу кислотанын курамынын пайызы. Андагы сандар канчалык чоң болсо, самындын кир кетирүүчү сапаты ошончолук жогору болот.
Кандай түстөгү кир самын сапаттуу болот? Кир самындын курамы натрий тузунан жана өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган майлуу кислотадан турат. Ага эч кандай боёктор, консерванттар кошулбайт. Бирок, айрым өндүрүүчүлөр жагымдуу жыт берүүчү жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуучу кошулмаларды кошуп салышат. Андыктан, эң жакшы жана пайдалуу кир самын болуп күрөң түстүү самын эсептелинет.
Кир самындын дарылык касиеттери
Мурун бүткөндө. Кир самындын суусу менен мурун бүткөндө аны ачууга болот. Ал үчүн кебезди көбүк сууга малып, аны мурундун тешигине салып мурдуңузду тазалайсыз. Алгач бир аз жагымсыз болгону менен 2-3 процедурадан кийин эле мурдуңуз ачылып кетет.
Ит тиштегенде
Ит тиштеген учурда инфекция кирип кетүү коркунучунан кир самын сактайт. Кан бир аз аккандан кийин (кан менен кошо бактериялар, иттин шилекейи агып кетсин) кир самындын көбүк суусуна чыланган бинтти тиштелген жерге коюп, үстүнөн байлап салуу керек.
Ооз көңдөйү жагымсыз жыттанганда. Мындай учурда самын сууга тиш щёткаңызды салып, түнү менен коюп коюңуз. Эртең менен андагы бактериялар жоголуп калат.
Бут жагымсыз жыттанганда. Күндүн ысыгында грибоктун айынан бут жагымсыз жыттана баштайт. Мындай учурда күн сайын бутту кир самын менен жууп, анан салаалардын арасына, таманга йоддон сүйкөп алуу керек.
Күйүктө. Жалынга же кайнак сууга күйгөндө дененин ошол жерине кир самындан сүртүп, кургатыңыз. Мындан кийин күйүк бат айыгат жана андан так калбайт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.