Коронавирус 237 кишиден табылып, 5 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 26-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 111, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 7, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 422 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 190, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 69, Ош облусунда — 29, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 75, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 12 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Ысык-Көл жана Нарын облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 215 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 643 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 748 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 425 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 813 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 12 киши айыгып чыкса, 2 миң 503 адам каза болду.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.