«Курманжан датка» тасмасы түрк тилинде Түркиянын «TRT AVAZ» каналынан көрсөтүлдү

0

«Курманжан датка» тарыхый тасмасы түрк тилинде Түркиянын «TRT AVAZ» каналынан көрсөтүлдү. Бул тууралуу кинонун режиссёру Садык Шер-Нияз социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«TRT AVAZ’дан Курманжан датканы түркчө которуп бериптир. Бул кабарды фильмдин сосценаристи Султан Раев куттуктап кабарлады. Жакшы, аябай жакшы которуптур деп сүйүнүп алыптыр. Негизи чыгармачыл адамдар бири-биринин жетишкендиктерине сүйүнгөнү чанда болчу көрүнүш. Видеосун да салып жибериптир. Фильмдин башкы продюсери Жылдыз Жолдошева эжекем да куттуктап чалды. Бар болгула. Эми Курманжан датканы керек болсо жүз миллиондогон адамдар көргөн деп мактана берсеңер болот»,— дейт Шер-Нияз.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.