Кыргызстан БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгына катышууда

0

БУУнун жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Антитеррордукборборунун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А.Т.Эрбаев жетектеген делегациянын курамы, БУУга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы түзүмдөрүнүн жетекчилери үчүн өткөрүлгөн БУУнун төртүнчү жогорку деңгээлдеги конференциясына (29–30-июнь), БУУнун Башкы Ассамблеясынын Терроризмге каршы глобалдык стратегияны кароо боюнча 9-пленардык жыйынына (1–2-июль), ошондой эле БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында уюштурулган кошумча иш-чараларга (сайд-ивенттерге) катышты.
БУУга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы мекемелеринин жетекчилеринин төртүнчү жогорку деңгээлдеги конференциясынын жүрүшүндө катышуучулар терроризмге каршы күрөштө көп тараптуу кызматташуунун, ошондой эле Терроризмге каршы глобалдык стратегиянын төрт багытын тең ишке ашырууда аймактык кызматташуунун жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 9-пленардык сессиясында Глобалдык терроризмге каршы стратегияны карап чыгуу боюнча сөз сүйлөп жатып, генерал-майор Алишер Эрбаев Кыргыз Республикасынын стратегиянын максаттарына жана принциптерине берилгендигин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын терроризмге каршы аракеттенүү, маанилүү инфраструктураны коргоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багыттарында жетишкен жыйынтыктарына токтолду.


Ошондой эле БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Антитеррордук борбору Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын колдоосу астында маанилүү инфраструктураны коргоо жана массалык иш-чараларды пландаштыруу менен өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине арналган кошумча иш-чараны (сайд-ивентти) уюштурду.


Ушул жуманын алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Терроризмге каршы борборунун директору, төраганын орун басары генерал-майор Алишер Эрбаев БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча Башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын жетекчиси Александр Зуев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин, тажрыйба алмашууну, техникалык жардам көрсөтүүнү жана Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердүүлүгүнүн алкагындагы биргелешкен

Get real time updates directly on you device, subscribe now.