КР УКМК жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы жасалган кылмыштардын алдын алууга багытталган комплекстүү иштердин алкагында Ош шаарынын аймагында «Аль-Азиз» реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөө фактысын аныктады.
Тактап айтканда, аталган реабилитациялык борбор ар кандай көз карандылыктан жабыркаган адамдарды дарылоо боюнча иш жүргүзүп келген. Ошол эле учурда борбордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, борбордун кызматкерлери жогорку медициналык билими жана тиешелүү лицензиялары жок болсо да медициналык кызмат көрсөтүп келишкен. Бейтаптарда курч психологиялык кризис пайда болгон учурларда аларга карата күч колдонулуп, тынчтандыруу үчүн атайын каражаттар пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүгүртүлүшү чектелген күчтүү психотроптук дары-дармектер берилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык А.у.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда Мамлекеттик комитет тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.