Кыргызстандан тышка сатылган товарлардын көлөмү 49,6 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет тараткан маалыматтарда айтылат.
Январь-сентябрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 26,2 пайызга жогорулаган (баш-аягы 10,8 миллиард долларга жеткен).
Экспорт быйылкы жылдын тогуз айында былтыркы аталган мезгилге салыштырмалуу 49,6 пайызга (1,4 миллиард долларды түзгөн) жогорулаган. Евразиялык өнүктүрүү банкы бул металлдардын сатылышынан улам болгонун түшүндүрдү.
Импорт Кытай, Япония, Корея, Германия жана АКШдан келип жаткан автоунаа жана жабдуулардын эсебинен 21,6 пайызга өскөн.