Кытай ири көлөмдөгү инвестиция тартууну көздөйт

0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 27-мартта Пекинде америкалык бизнес лидерлери менен жолугушту. Кытай өкмөтү чет элдик инвесторлорду өлкөгө кайра тартууга аракет көрүүдө.

2023-жылы Кытайга тикелей чет элдик инвестициянын көлөмү 8%га кыскаргандан кийин дүйнөнүн экинчи ири экономикасынын ээси Пекин өсүү темпин күчөтүүнү каалайт.

27-мартта жыйынга катышууга чет өлкөлүк 20дай ири компаниянын өкүлү чакырылды, жолугушуу 90 мүнөткө созулду.

АКШ-Кытай мамилелери боюнча улуттук комитет, АКШ-Кытай Ишкерлер кеңеши жана Asia Society аналитикалык борбору уюштурган жолугушууда эмнелер талкууланганы тууралуу комментарий берген жок.

Кытайдын 2023-жылы экономикалык өсүү темпи 5,2 пайызга жакын болуп, бул пландан ашык көрсөтүч болгон. ИДПсынын көлөмү 2022-жылы 17,01 триллион долларды түзсө, 2023-жылы болжол менен 17,71 триллион долларга жеткен.

Өсүү темпи Кытай өкмөтүнүн 2023-жылга карата “5 пайыздын тегерегинде” өсүү максатынан ашты.

Кытай экономикасы 2022-жылы 3 пайызга өстү, бул 1976-жылдан берки эң начар өндүрүштүн төмөнкү көрсөткүчү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.