Кытай биринчилерден болуп жарандарына коронавирустан эмделгени тууралуу паспорт берүү программасын ишке киргизди.
«ВВС» басылмасы жазгандай, аталган идеянын каршылаштары бул программа Пекинге жарандарын тыкыр көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берерин айтып жатышат.
Кытайдын коронавирустан эмделген ар бир жараны паспортту атайын санарип платформадан көчүрүп алат жана аны чет өлкөгө чыгууда көрсөтөт. Бул сыяктуу паспортторду ишке киргизүү көпчүлүк өлкөлөрдө талкууланып жатат.
Ал эми демилгенин тарапташтары паспорт берүү эл аралык чек араларды тезирээк ачууга жана дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө жардам берерин айтышууда.
Sign in