Марлен Маматалиевдин демилгеси менен уюштурулган «Жаш кадрлар мектеби»  келечекке салынган олуттуу инвестиция

0

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жаштарга көңүл буруу жөн гана сөз эмес, конкреттүү аракет менен көрсөтүлөрүн дагы бир ирет далилдеди. Анын демилгеси менен уюштурулган «Жаш кадрлар мектеби»  келечекке салынган олуттуу инвестиция.


Бүгүнкү күндө өлкөгө куру убада эмес, билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаштар керек. Дал ушул багытта Марлен Маматалиев жаштардын үнүн угуп, аларга мүмкүнчүлүк түзүп, мамлекеттик башкарууга аралашуусуна жол ачып жатат.


«Жаш кадрлар мектеби»  жөн гана окуу долбоору эмес, бул эртеңки лидерлерди, аналитиктерди жана мамлекетчил кадрларды даярдоочу чоң аянтча. Жаштарга ишеним берүү, алардын демилгесин колдоо  өлкөнүн келечегине кам көрүү деген сөз.
Мамлекеттин күчү  билимдүү жаштарда. Ал эми жаштарга шарт түзгөн жетекчилер элдин келечегин ойлогон жетекчилер.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.