Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү май кымбаттабайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигине билдирди.
Ал муктаждык болсо компенсациянын өлчөмү көтөрүлөрүн белгиледи.
«Күйүүчү май кандай баада сатып алынбасын, тиешелүү компенсациясын төлөп беребиз. Чечим атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында кабыл алынат. Алар ассоциация көрсөткөн бааларды да текшерет: күйүүчү май кайдан кандай келишим менен сатып алынганын карашат. Спекуляцияга жана ашыкча пайда табууга жол бербөө үчүн ар бир келишим текшерилет. Комиссия ар бир арызды үч күндүн ичинде карайт. Андан кийин компенсация компанияларга дароо төлөнөт. Буга чейин бир да кечигүү болгон жок», — деди Амангелдиев.
Биринчи вице-премьер эң башкы маселе тартыштыкка жол бербөө экенин баса белгилеп, бааны кармап турууга минкабдын мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
«Азыр маанилүү маселе — күйүүчү майдын тартыштыгына жол бербөө. Ошол эле учурда бааны кармап турууга мүмкүнчүлүк бар», — деди аткаминер.
Буга чейин нефтетрейдерлер дүйнөдө баалар өсүп жатканын жүйө келтирип, өкмөт тарабынан берилген субсидиянын өлчөмүн же чекене бааны кайра карап чыгууну сунушташкан.