Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия кытай вакцинасын сайдырды

0

Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин үчүнчү кызы Алия Назарбаева коронавирус инфекциясына каршы кытай вакцинасына эмделди.

Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. Ага шилтеме берип казак басылмалары жазып чыгышты.

«Вакцинация жөнүндө ар кандай пикирлер бар жана ал боюнча ар ким өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу. Эл алууда болдук, кытай вакцинасына эмделдим, өзүмдү жакшы сезип жатам. Бирок ден-соолуктун негизги кепилдиги активдүү жашоо образы, күн жана баардык нерсеге позитивдүү мамиле кылуу экендигин унутпашыбыз керек», — деп жазган ал.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.