Ооруган балдарды мектепке жибербегиле. Бишкек мэриясы ата-энелерге кайрылды

0

Салттуу окутуунун баш ооруткан маселеси балдары ооруп калса деле ата-энелердин аларды мектепке жөнөткөнү болууда деп билдирди Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.

«Көптөр балдарды калтырганга үйдө киши жок дешет. Түшүнсөңүздөр, бул көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Мунун кесепети жаман болушу мүмкүн. Алгоритмде мектепти, классты кандай учурда онлайн окутууга өткөрүү же бала бакчаны профилактикалык максатта жабуу так жазылган. Эгерде бир инкубациялык мөөнөттө коронавирус менен чыгып калган эки учур кездешсе, анда мектепти толугу менен онлайн тартибине өткөрөбүз», — деген Мозгачева.

Аткаминер айрым окуучулардын ата-энелерин вирус менен күрөшүүгө чакырган.

«Бул жерде иш эки жактан тең жүрүшү керек. Биз тараптан бала бакча менен билим жайларында бардык санитардык нормаларды сактоо боюнча жоопкерчиликти өзүбүзгө алабыз. Ооруп калган балдар мектепке келбей турганын так билишибиз керек», — деп түшүндүргөн вице-мэр.

Ал учурда Бишкекте алты мектептин 9 классы онлайн тартипке өткөрүлгөндүгүн айтты. Мозгачева билим берүүнүн салттуу форматы аралыктан окутканга караганда алда канча майнаптуу экендигин белгилеген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.