Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги маданият кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

0
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Ош, Өзгөн, Жалал-Абад жана Баткенде 70ге жакын министрликтин сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Сыйлоо аземинде маданий мекемелерде, тагыраагы, китепкана, театр, музей, билим берүү, ошондой эле филармония жана маданият үйлөрүндө эмгектенип келген кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана маданий өнүгүүгө кошкон салымы белгиленди.
Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков маданият тармагын өнүктүрүүдө жер-жерлердеги кызматкерлердин эмгеги өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеп, алардын чыгармачылык ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Маданият күнүнө карата Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кызмат өтөгөн маданият кызматкерлерине 200гө жакын сыйлык тапшырылган.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.