Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Июнь окуясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасап, Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө үчүн “Кыргыз жараны” концепциясы ишке ашырылганын билдирди.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 10-июнда тараткан кайрылууда өлкөдөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Конституцияга жана башка укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетте ынтымак, биримдик жана өнүгүү болору айтылат.
“Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын ата мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл”, — деп айтылат кайрылууда.