Республикалык бюджетке 38 млрд. сомго көп киреше түштү. Алты айлык статистика

0
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 160,2 миллиард сомду түзүп, коюлган пландан 12,3 миллиард сомго көп түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бюджеттик киреше 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 38,2 миллиард сомго көбөйгөн.
Каражат каяктан чогулду:

Салыктык киреше — 69,5 миллиард сом;

Бажы төлөмдөрү — 48,8 миллиард сом;

Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) — 35,3 миллиард сом;

Расмий трансферттер — 6,5 миллиард сом.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.