Сасык тумоо күчөдү го, сактаныңыз…

0

Сасык тумоо — курч респиратордук вирустук инфекциялардын (ОРВИ) тобуна кирген грипп вирусу менен шартталган дем алуу органдарынын курч кармаган инфекциялык оорусу.

 

Жыл сайын (ДСУнун маалыматы боюнча) дүйнөдө 40 миллион адам жугуштуу оорулар менен ооруйт, анын 90% сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар.

 

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматы боюнча, сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандардын көбөйүшү, эреже катары, Ноябрь айынан тарта курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын акырындык менен өсүшү байкалууда.

 

Буга грипп вирусунун төмөнкү температурага жогорку туруктуулугу жана гипотермия учурунда адамдын коргонуусунун төмөндөшү өбөлгө түзөт.

 

Ошондой эле, оорулуу жана дени сак адамдардын ортосундагы тыгыз байланыш оорунун кескин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

 

Сасык тумоонун алгачкы белгилери: дене табынын көтөрүлүшү (39-40 градус), чыйрыгуу, жөтөл, тамак оору, мурундан суу агып же бүтүп, бүт дененин оорушу, баш оору, алсыздык.

 

Биринчи симптомдор пайда болгондо:

— үйдө калуу жана үйгө дарыгерди чакыруу;

— чүчкүргөндө же жөтөлгөндө мурунду жана оозду бет аарчы менен жабуу;

— колдонгондон кийин кол аарчыны таштанды челекине таштаңыз;

— өзгөчө жөтөлгөндөн же чүчкүргөндөн кийин колду самындап жууп туруу;

— колуңуз менен көзүңүзгө, мурунуңузга жана оозуңузга тийбөөгө аракет кылыңыз, оорулуу адамдар менен жакын мамиледе болбоңуз;

— жакындарыңызга инфекция жуктурбоо үчүн медициналык беткап тагыныңыз;

— бейтап жаткан бөлмөнү бат-баттан желдетип туруу жана нымдуу тазалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

— өз алдынча дарыланбаңыз.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.