«Сэконд-хэнд» дүкөнүнүн кызматкери эки эски жемпирге кошо оролгон 42 миң доллар таап алган

0

АКШда «Сэконд-хэнд» дүкөнүнүн кызматкери эки эски жемпирге кошо оролгон 42 миң доллар өлчөмүндөгү (3,5 миллион сом) акча каражатын таап алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Оклахома штатындагы Норман шаарында жайгашкан «Сэконд-хэнд» дүкөнүнүн Андреа Лессинг аттуу кызматкери сатыкка чыккан кийимдердин арасынан 2 жемпирге кошо оролгон акча каражатын таап алган.

«Жемпирлердин ортосунда 100 долларлык купюралар салынган конверттер байланган. Алгач купюралар чыныгы эмес, жасалма деп ойлогом», — деген сатуучу. Жалпысынан ал 42 миң доллар эсептеген.Мындан тышкары, конверттерде ага ээсин табууга жардам берген документтер болгон.

Лессинг белгилегендей, анда акчаны өзүнө алып калуу азгырыгы чоң болгон, бирок ал «Менин кызым бар. Мен аны аябай жакшы көрөм жана анын жыргалчылыгын тобокелге сала албайм. Акчаны уурдоо тобокелге турарын билем. Эгер жакшылык кылсаң, ал кайра кайтып келет деп ишенем», — деп билдирген.

Жыйынтыгында ал акчаны ээлерине кайтарып берген, бирок белгисиз бойдон калууну тандаган акчанын ээлери кызматкердин чынчылдыгы үчүн сыйлык катары миң доллар (84 миң сом) берген.

Сатуучу акчаны ушул жайда кызынын туулган күнүн белгилөөгө жумшай тургандыгын айтканы жазылат маалыматта.

Супер кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.