Сулуу болуунун сырлары

0

СУЛУУ БОЛУУНУН СЫРЛАРЫ…
оӊой жана кызыктуу
Айрымдарда алсыроо, бет териси түлөп, тырмактар сынып, түптөрү сыйрылуусу, чач түшүп, бетте түрдүү тактардын пайда болуусу көйгөй жаратат. Аз убакыттын ичинде мындай көйгөйлөрдүн алдын алам десеӊиз, төмөнкү кеӊештерге көӊүл буруӊуз.
АЛГАЧ ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛАӉЫЗ!
Күн сайын эртеӊ менен бир кашык зыгыр данын жууп, майдалап чайнап жеӊиз. Артынан 1 стакан жылуу суу ичип коюӊуз. Бул кадамдан жарым саат өткөн соӊ тамак жеш керек.
Мындай ыкма организмди пайдасыз заттардан тазалайт. Териӊиз тазарып, жылмакай абалга келет. Бир аз болсо да салмак таштаганыӊыз кадимкидей сезилет.
Ошондой эле зыгырдын даны чачтын түшүшүн алдын алып, тырмактарды бекемдейт.
Эскертүү! Эгерде кайсы бир органыӊызда таш болсо, зыгырдын данын жегенге болбойт!
КЫЗЫЛЧА КЫЙЛА ПАЙДАЛУУ ЖАШЫЛЧА
Күн сайын кызылчадан жасалган салат жеген адамдын кан айлануу системи жайында болот. Эртеӊ мененки тамактын ордуна же кечки тамактын ордуна шартыӊызга карап кызылча салатын жегенге аракет жасаӊыз. Жыйынтыгында кан тазаланат. Таза кан болсо сулуу келбеттин эӊ башкы себепчиси экени талашсыз. Бул кадам теринин абалын жакшыртып, ички органдардын туруктуу иштешин жөнгө салат.
ГЛИЦЕРИН БЕТТИ СЕРГИТЕТ
Дарыканадан Е витамининин 10 даана капсуласын жана глицерин майын сатып аласыз. 10 капсуланы теӊ ийне менен тешип, ичиндегисин 30 грамм глицеринге аралаштырыӊыз. Сүйкөөрдөн мурун бетти жууп, жумшак щётка менен укалоо керек. Бет кызарган маалда клеткалар дүүлүгүп, сүйкөлгөн аралашманы тез сиӊирип алат.
ЖАӉГАК ЖЕӉИЗ
Күн сайын 50 граммдан кем эмес жаӊгак жеп туруӊуз. Жаӊгактын кайсы түрү жакса грек жаӊгагыбы, жер жаӊгакпы жей берсеӊиз болот. Эки эле жуманын ичинде чачтарыӊыз менен тырмактарыӊыз жеген жаӊгагыӊыз үчүн сизге эбегейсиз рахматын айтышат.
ЧАЧКА БОТКО ДАЯРДАЙБЫЗ
Үч күндө бир чачка арналган ботко жасап алып колдонуӊуз. Кургак, майдаланган горчицаны өсүмдүк майына же уйгактан алынган майга (репейное масло) аралаштырып ботко жасаӊыз. Чачты жууган соӊ аралашманы сүйкөп, 20-30 мүнөт коюу керек. Андан соӊ жууп салыӊыз. 3 жуманын ичинде чачтын сапаты жакшырат.
АЛОЭ ШИРЕСИ – БЕТ ТЕРИСИНИН КУТКАРУУЧУСУ
Бет териси сулуу, серпилгич болушу үчүн кадимки алоэ өсүмдүгүнүн ширесинен тамактанар алдында 1 чай кашык ичип коюӊуз. Мындай аракет менен организмдеги зат алмашууну жөнгө сала аласыз. Ушул эле алоэ ширесин бетке ботко кылып жапсаӊыз, аз убакыттын ичинде безеткиден куткарып, териӊиз тунук болуп чыга келет.
БАРДЫК КАДАМДЫ ЖАН ДИЛИӉИЗ МЕНЕН АТКАРЫӉЫЗ
Адам өзүн сулуу, жагымдуу алып жүрүшү үчүн алгач өзүн сүйүшү керек. Жогорудагы кадамдардын бирин калтырбай жасап, бирок «толукмун, бетте бырыш көбөйдү, безетки басып кетти, мен такыр эле оӊолбой калдым го» деген артка тарткан ойлор менен жашасаӊыз, анда жыйынтык күтпөй эле коюӊуз. Андыктан өзүӊүздө жакшы жакка өзгөрүү болот деп ишенип, берилген кеӊештерди чын дилиӊиз менен жасаӊыз.
ДЕНЕНИ ЧЫӉДОО АШЫКТЫК КЫЛБАЙТ
Оӊой, жеӊил физикалык көнүгүүлөр зат алмашууну камсыздап, жеген жаӊгак, кызылчанын, сүйкөгөн ботконун тиешелүү жерлерге таасир беришин шарттайт. Эртеӊ мененки 5 мүнөттүк физикалык машыгуулар менен бир тердеп алсаӊыз, тер менен денедеги ашыкча заттар чыгып, орду сиз кабыл алган керектүү азыктар менен алмашат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.