АКШнын президенти Дональд Трамп Американын экс-лидери Жо Байдендин оорусу
тууралуу маалыматтарга үн катып, анын тезирээк сакайып кетишин каалай
турганын билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.
«Мелания (АКШнын биринчи айымы) экөөбүз Жо Байдендин ооруга
чалдыкканын угуп, капа болдук. Биз Жилл Байденге (Жо Байдендин
жубайы) жана үй-бүлөсүнө чын жүрөктөн Байдендин сакайып
кетишин каалай турганыбызды билдиребиз», — деген Трамп.
Ошондой эле АКШнын мурдагы вице-президенти Камала Харрис
дагы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жо Байдендин
тезирээк жана толук сакайып кетишин кааларын жазган.
Sign in