«ТЫНЧТЫК» ПАРТИЯСЫ ЭЛДИ ЫНТЫМАККА, БИРИМДИККЕ ЧАКЫРАТ!

0

«Тынчтык» партиясынын төрайымы Чынара Мамажакыпова элди ынтымакка чакырган кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу мекендештер!
Мамлекетибиз өз алдынча туу көтөрүп, өз жолун издеп келе жатканына 30 жыл болду. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдар аралыгында  бир топ татаал жолдорду басып, далай сыноолорду баштан кечирдик.
Кагылып согулуп бир нече элдик толкундоолорду баштан кечирип ушул күнгө жеттик.
Нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн элибиз адилетсиздикке эч качан баш ийбестигине  дүйнө жүзү бир нече ирет күбө болду.
Бүгүн эркиндигибиз, тынчтыгыбыз бар эгемендүү мамлекетпиз. Өнүгүүгө карата кадам таштап келебиз.
2021-жылдын 11-апрели жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана бүткүл элдик референдумга добуш берүү күнү.
Бул тарых барактарында кала турган, келечегибизге өнүгүү кадамдарын таштай турган тарыхый күн. Эли үчүн калыс сөзүн айтып, эл жашоосун оңдоп кетүүгө салым кошо турган мыкты уул-кыздарды өзүңүздөр тандап шайлап аласыздар!
Бирок шайлоо боло электе эле уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүп, кошуна кошунага киришпей, бир айылдын, бир көчөнүн эли онго бөлүнүп ынтымактарын ыдыраткан, жаңжалдашкан учурлар көп кездешкени кейиштүү. Айкөл Манас атабыз “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүптүр кыргыз деп. Бөлөк элге кеп кетет” деп ынтымакка, биримдикке дайыма чакырган.
Ынтымак, биримдик, тынчтык болбосо кайдагы өнүгүү тууралуу кеп козгойбуз. Ынтымак, биримдик менен гана «Жети өлчөп бир кесип» татыктуу уул-кызыңыздарды тандап алыңыздар.
«Тынчтык» деп биздин партиянын аты айтып тургандай биздин партиянын башкы девизи ынтымак, биримдик жана тынчтык.
Ичибизден ыркырашып, жаңжалдашып турсак айрым билинбеген душмандардын чырагына май тамаар. Андыктан «Тынчтык» партиясынын атынан жараткан сүйгөн элибизди, мекендештерибизди ынтымака чакырабыз.
Элибиздин жаркын келечеги үчүн бир муштумдай түйүлүп, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кадам таштайлы.Өнүгүүгө багыт алалы.»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.