УКМК: Кызматтык абалынан пайдаланган бажы кызматкерлери кармалды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк аймагы боюнча ички иликтөө департаменти менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын «БИМИ Ош сервис» бажылык тариздөө пунктун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М. кармалды.

Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө «Ош» бажысынын кызмат адамдары өздөрүнө берилген кызматтык ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акы алуу максатында ташылып өтүүчү товарларга тийиштүү бажылык кароо, текшерүү жүргүзүшпөгөн жана алар товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүп жиберүүгө көмөктөшүп, мыйзамдарда каралган бажы жол-жоболорунан жана көзөмөлдөн качууга шарт түзүшкөн.
Мындан тышкары, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген.
Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда, кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда КР УКМК кылмыштуу схемага катышкан башка бажы кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштерин улантууда.