УКМК: “Президенттин Фейсбук баракчасын бузуу фактысы чет өлкөдө жүргүзүлгөн”  

0

 

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасын бузуу фактысы чет өлкөдө катталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасына бузуу фактысы чет өлкөдөн жүргүзүлгөн.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун Фейсбук баракчасы аркылуу депутат Дастан Бекешовго “Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын – помощник” деген комментарий жазылган. Бул боюнча өлкө башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек расмий билдирүү жасап, Жапаровдун баракчасын бузуу фактысы катталганын маалымдаган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.