УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жалгыз бой энеге батир белек кылды

0

УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевге буга чейин КР жараны Элеонора Нуралиевадан оор турмуштук кырдаалга байланыштуу жардам сурап кайрылуу келип түшкөн.

Басма сөз кызматкеринин маалыматы боюнча, Элеонора Нуралиева 1989-жылы туулуп, ал төрөлгөндөн кийин апасы Кыргызстанга келип, төрт жашында аны белгисиз адамдарга 1500 сомго сатып жибергенин айтат. Андан кийин ал 13 жашка чыкканга чейин ар кандай адамдар тарабынан тарбияланган. 13 жашынан баштап балдар үйүндө тарбияланып, эч кандай билим алган эмес. 19 жашында улуу уулун төрөгөн.

2020-жылдан бери ал ошол эле балдар үйүнөн чыккан бала менен никесиз жашап келет, андан дагы үч уулу (4 жаш, 2,4 жана 7 айлык) бар. Бирок, балдардын атасы учурда аларды тарбиялоого же каржылык жактан колдоого катышпайт.

Буга чейин, Э.Нуралиева өзү жашаган имараттардын биринде тигүүчү цехте иштеген, бирок 2025-жылдын сентябрь айында төлөмгө каражаттын жоктугунан улам турак жайсыз калып, 29-сентябрда үч кичүү баласы менен Бишкек шаардык мэриясынын «Аялзат» муниципалдык кризистик борборуна жайгаштырууга аргасыз болгон.

Э.Нуралиеванын 4 жаштагы уулу бронхиалдык оору, дерматит жана өнүгүүсүнүн кечеңдеши менен жабыркайт (анын керектүү дары-дармектерди сатып алууга каражаты жок). Ал тиричилик кылуу максатында тигүүчү машиналарды сатып алуу үчүн насыя алган, бирок төлөй албай калган.

Кыйын кырдаалды эске алуу менен, Э.Нуралиеваны жана анын балдарын колдоо максатында, КР УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычтарын тапшырды. Мындан тышкары, банк карызы төлөнүп, паспорт алууга жардам көрсөтүлдү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.