Ырчы Примбердиев Кенесары тууралуу айтканы үчүн 100 миң сом айыпка жыгылды

0

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевге казакстандык AIRAN YouTube каналына берген маегинде айтылган сөздөрү үчүн 100 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу ырчы өзү бүгүн, 20-мартта Инстаграм баракчасына жазды.

Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастап, Примбердиев Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, айып пул түрүндө 100 миң сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-февралда ырчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ага AIRAN деп аталган YouTube каналында берген маегинде сүйлөп жатып, «улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган» деген кине коюлган.

Булак: Азаттык

Get real time updates directly on you device, subscribe now.