2026-жылдын 8-сентябрында Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кубогу үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык спартакиада башталды.
Спорттук мелдешке КР УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын кызматкерлери катышууда.

Спартакиаданын алкагында командалар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча күч сынашат. Эркектер арасында командалык спорттун түрлөрү — футбол, волейбол жана баскетбол, ошондой эле шахмат боюнча мелдештер өткөрүлөт. Футбол боюнча мелдештин катышуучулары эки жаш курактык категорияга бөлүнөт: 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан жогоркулар.


Кыз-келиндер 1000 метр аралыкка чуркоо, баскетбол (эстафета), волейбол жана дартс боюнча күч сынашат.
Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын орун басары, генерал-майор А.Эрбаев Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы, генерал-майор М.Асаналиевдин атынан мелдештин башталышы менен катышуучуларды куттуктап, аларга ийгиликтерди, таза күрөштү жана жогорку натыйжаларды каалады.
Ал өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыкты салттарын сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле спорттун эр жүрөктүк, чечкиндүүлүк, сабырдуулук жана туруктуулук сыяктуу сапаттарды тарбиялоодогу маанисине токтолду.

Спартакиада Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин командалык духун чыңдоо, дене тарбия даярдыгын жогорулатуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда спорттук салттарды мындан ары да өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет.