Жеңиш Майрамбек уулу кыздуу болду

0

«Биртууганчик» жана «Напарниктер» тасмасы менен белгилүү болгон актёр Жеңиш Майрамбек уулу 17-августта кыздуу болду. Бул тууралуу  super.kg өздүк булактарына таянуу менен кабарлады.

«17-августта кыздуу болдум. Учурда өтө толкунданып жаткан чагым. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Анткени бир туугандарымдын арасында кыз жок. Үч эркекпиз. Буга чейин УЗИден баланын жынысы кыз экендигин билгенбиз. Жубайым кесарево жолу менен төрөдү. Кызымдын салмагы 3 килограм 400 грамм, бою 53 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Курсагына тогуз ай көтөрүп жүргөн жубайыма чоң рахмат! Балдарым удаа төрөлүп жатканына байланыштуу кичине кыйналып жатканына карабастан, мээримдүү эне болуп жатканына ыраазымын. Кызымдын атын жубайым Нурайым өзү коёт. Анткени буга чейин балдарымдын аттарын ата-энелерибиз коюшкан», — дейт Жеңиш Майрамбек уулу.

 

Эске салсак, Жеңиш Майрамбек уулу сүйүктүүсү Нурайым менен 2015-жылы баш кошкон. Алар Алим жана Ариет аттуу балдарды тарбиялап келишет.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.