Жыл башынан бери тышкы сооданын көлөмү 8,4 пайызга өстү

0

9 айда тышкы сооданын көлөмү 12,1 млрд долларды түзүп, 8,4%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экспорт 28,2%га өсүп, 2,8 млрд долларды түздү, ал эми импорт 3,7% өсүү темпи менен 9,3 млрд долларга жетти.

«Улуттук банк жана Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2022-жылдагы 14,7%дан 2023-жылы 7,3%га чейин төмөндөп, 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 4,2%ды түздү», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Узнать больше: https://vesti.kg/kg/zxc-kg/item/132207-zhyl-bashynan-beri-tyshky-soodanyn-kolomu-8-4-pajyzga-ostu.html — Жыл башынан бери тышкы сооданын көлөмү 8,4 пайызга өстү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.