Бир суткада өлкөнүн ооруканаларынан 1247 бейтап айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды

0

Бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан айыккандардын саны дагы 1247ге өстү. Муну менен республика боюнча илдетти жеңгендердин жалпы саны 18 миң 38 болду.

Бишкек – 497;
Чүй облусу – 164;
Ош облусу – 116;
Талас облусу – 34;
Нарын облусу – 45;
Ысык-Көл облусу – 153;
Жалал-Абад облусу – 93;
Баткен облусу – 22;
Ош шаары – 123.

Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда кабарлады

Get real time updates directly on you device, subscribe now.