Бишкек шаарында коронавирустун 98 очогу бар экени жарандык коргонуу комиссиясынын отурумунда айтылды. Борбордун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилованын маалыматы боюнча, коронавирусту алдын алуу чаралары үзүлтүксүз улантылып жатат. Жалпысынан 536 короодо текшерүү жүргүзүү пландалууда.
Буга чейин 370 короодогу 847 адам текшерилген. Алардын ичинен 9 адамдан экспресс-тесттин жыйынтыгы оору бар экенин көрсөтсө, кийинки ПЧР-анализ таза чыккан.
1-майга карата Кыргызстанда жалпы 1016 адамдан коронавирус аныкталды.