Британиянын Кыргызстандагы элчиси дарыгерлерге күнүгө түшкү тамак жасап берүүдө

0

Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Чарльз Гарреттин үй-бүлөсү күн сайын Бишкектеги ооруканаларда медициналык кызматкерлер үчүн тамак даярдашат. Бул тууралуу ал твиттер социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, сүрөт жүктөгөн.

“Шаардык ооруканалардын дарыгерлерине түшкү тамак. 22 тамак 22 баатырга! Биздин ден-соолугубуз үчүн сиздер күнү-түнү күрөшүп жатасыздар. Сиздерге чоң рахмат!”,-деп жазган ал.

Сүрөт социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратууда. Анда “эмне үчүн Кыргызстандын депутаттарынын аялдары дарыгерлерге жардам катары болсо да, ушинтип тамак жасабайт?” деген суроолор жаралууда.

Булак: smi.kg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.