Кыргызстанда COVID-19дан ондогон адам каза болуп жатат, алардын көбү Бишкек шаарында катталууда. Спутниктин оператору борбордогу өлүкканага барып, бүгүнкү абалды тартып келди.
Агым абдан көп болду деп айта албайбыз дешти Республикалык соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери. Бул жерди эл Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан өлүккана катары билет. Алардын айтымында, сөөктү негизинен «Семетей» (мурдагы «Ганси» базасы) госпиталынан алып келип жатышат.
Иш күндөрү эшиктин алдынан киши кетпейт: үй-бүлөсү жакын адамынын сөөгүн алып кетиш үчүн күтүп турат. Жаңы эреже боюнча, моргдун кызматкерлери муркумду дезинфекциялап беришет. Ал жерден түз эле мүрзөгө алып кетишет.
Кыргызстанда коронавирус менен катталган учур 23 783кө жетти. Алардын ичинен 785 адам көз жумду. Өткөн суткада 83 адам каза тапса, анын ичинен 33ү Бишкекте болду.
Спутник kg