Бул киши күндө таң эртең карылар үйүнө барып кайтат эле. Жашы сексенден ашканына карабастан ушу бир ишти адатка айландыргандай. Неге андай жасап жүргөнүн сураганда, анда кемпири жатканын айтты. Алтымыш жылдай бирге өмүр сүргөн өмүрлүк шериги эсте сактоо кабылетинен айрылып, карылар үйүн пааналоого мажбур болуптур. Зайыбына күндө таңкы ашты өз колу менен берип кайтпаса өзүнө аш өтпөгөнүн айтты. — «Сиз убактынан кечигип калсаңыз кемпириңиз убайымдайт чыгаар,-» дедим. — «Жоок, беш жыл болду ал мени тааныбайт. Эсинде жокмун, -» деди. — «Сиздин ким экениңизди тааныбаса да ушунча убакыттан бери таңкы ашты бирге ичип жүрөсүздөрбү?-» дедим таңдана. Анда карыя күлүмсүрөп: — «Чырагым оу, ал мени тааныбаса да, мен аны тааныймын го, -» деди. Мен суроо бергениме уялып калдым…..
(Интернет булактарынан)