Коронавирустан дагы үч белгилүү дарыгер каза тапты

0

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна алардын жакындары жана кесиптештери кабарлашкан.

25-июлда 64 жашында Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Бегайым Исакова көз жумду. Ал 1956-жылдын 6-июнунда Бишкекте туулган. Медицина академиясын 1979-жылы аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, эмгек жолун ушул ооруканада терапевт дарыгер болуп баштаган. 1996-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул медициналык жайдын чукул терапия бөлүмүн башкарып турган.

26-июлда 67 жашында коронавирустан Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумубаева көз жумду. Кесиптештери «Азаттыкка» кабарлашкандай, Жумабаева 1953-жылдын 25-майында Кеминде туулган. 1976-жылы Медициналык академияны аяктаган. Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеп келген.

Бүгүн, 27-июлда 70 жаш курагында Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Маркумдун уулу Төлөгөн Сарбагыш уулу «Азаттыкка» билдиргендей, ал өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан. Абалы оңолбогондуктан реанимобил менен Бишкекке жеткирилген. Иманалиев 1960-жылы 15-августта туулган. 1984-жылы Медициналык академияны аяктап, 1985-жылы Ысык-Көл райондук ооруканасында биринчи реаниматолог болуп иштей баштаган. Бул ооруканада өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин башкы реаниматолог болуп эмгектенген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.