Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндө 8 жаштагы кыз асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына аталган айыл өкмөттөн тастыкташкан.
Алдын ала айтылган маалыматка караганда, кыз өз үйүндө асынып алган. Ал жакшы үй-бөлүнүн кызы, 4 бир туугандын экинчиси болчу. Апасы мугалим болгон. Ошол күнү үйүндө эч кандай чыр болгон эмес. Өлүмүнүн себеби белгисиз.
Ош ОИИБдин маалыматына караганда, аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери иштеп жатышат.
Маалымака караганда, маркум кыз К.А.нын асынып өлгөндүгү жөнүндө Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБге кабар берилген. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, окуя 27-ноябрында саат 14:30 чамасында болгондугун аныкташкан. К.А. белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы 2 кабаттуу мал сарайдын чатырындагы тосунга пресс жип менен асынып өлгөндүгү белгилүү болгон. Ал айылдагы мектепте 3-классында окуган. Өз классында сабакты жакшы окуган үлгүлүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Апасы мугалим болгондуктан ал күнү балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонунун алып, онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен. Үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан.
Асынып алган сарайдын чатырына буга чейин 10 жаштагы эжеси малга чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшчу. К.А. асынган жип ошол жиптерден алынгандыгы такталган. Кошуналары маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрлөрдөн болуп саналарын билдиришкен.
К.А.нын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинолор түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби жакындары кыз буга чейин өз жанын кыйгандар жөнүндөгү кинолорду кызыгып, кайталап көрө берчү экендигин билдиришти. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтышууда.
Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, алар тарабынан окуя боюнча хронометраж кылынып, эмне себептен асынып алгандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Булак БАРС МЕДИА