ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛГАН БАЛДАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ (СҮРӨТ)

0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан тарабынан Ош шаарынын аймагында «Тилемчи» деген аталыштагы профилактикалык рейд өтүп жатат.
Рейд учурунда ар кандай 69 коомдук жайлар:базарлар, соода түйүндөрү, вокзал, унаа токтоочу жайлар, жол бойлору текшерилди. Тилемчиликке тартылган 16 өспүрүм аныкталды. Алардын айрымдарынын ата-энелерине протоколдор түзүлүп, ар бирине миң сомдон айып пул салынды.
Кармалган ар бир өспүрүм жана алардын жакындары менен профилактикалык маектешүү жүргүзүлдү. 1 өспүрүм балдар үйүнө жайгаштырылып, Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына 3 өспүрүмдүн жашоо шарты тууралуу материалдар жөнөтүлүп, мамлекеттин карамагына алуу боюнча сунуш келтирилди. Тилекке каршы айрым тилемчилер тилемчиликти кесип катары көрүшүп, жол кыймылынын коопсуздугуна дагы тескери таасир тийгизип, жол бойлоруна чыгып алгандыгы өкүндүрөт.
Учурда аталган инспекция кызматкерлери тарабынан тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча жумуштар уланууда. Тилекке каршы, айрым ата-энелер учурдагы оор кырдаалды шылтоо кылып, ошондой эле адамдардын аео сезимдерин ойготуу үчүн жаш балдарын курал катары пайдаланышып, тилемчиликке түртүп же жанында кошо алып жүргөн учурлары азайбай жатат. Арасында жалган жерден ден соолугунун оордугуна же «дары үчүн жардам бергиле» деген жалган шылтоону айтышып, арзан акча табуунун жолуна түшүп тилемчиликтин кесип катары көрүп калгандары бар. Аларга балдарынын келечектеги тагдырынан дагы тилемчилик менен акча табуусу маанилүү болуп жаткандыгы өкүндүрөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.