«Ак шумкарлар» март айында беттеш өткөрөт

0

Футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Кыргызстан 30-мартта Мьянманын Мандалай шаарында Мьянма улуттук курамасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да «Mandalar Thir» стадионунда өтөт. Бул улуттук курама команданын коронавируска байланыштуу тыныгуудан кийинки алгачкы оюну болот.

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» Дүйнө чемпиондугуна тандап алууда «F» тайпасында жайгашкан. 5 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы 7 упай менен Япониядан кийинки 2-орунда келе жатат. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө оюн өткөрөт.

Булак Марал ФМ

Get real time updates directly on you device, subscribe now.