Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

0

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 11-январда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады.

8-9-январь күндөрү эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашты. 57 кг салмак ченинде Алмаз Сманбеков, 61 кг Абдумалик Карачов, 65 кг Эрназар Акматалиев, 70 кг Канат Керимбеков, 74 кг Исламбек Орозбеков, 79 кг Адилет Маратбаев, 86 кг Нуртилек Карыпбаев, 92 кг Нурболот Адыл уулу, 97 кг Андрей Аронов, 125 кг Арсланбек Турдубеков биринчи орунду алды.

10-11-январь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча спортчулар килемге чыкты. 55 кг салмак ченинде Улан Муратбек уулу, 60 кг Акыл Сулайманов, 63 кг Дастан Кадыров, 67 кг Амантур Исмаилов, 72 кг Адилхан Нурланбеков, 77 кг Алибек Бердиев, 82 кг Бекзат Орункул уулу, 87 кг Асан Жанышов, 97 кг Үзүр Жусупбеков, 130 кг Роман Ким чемпион болду.

Кыргызстандын чемпионаты өлкө ичиндеги эң чоң мелдештердин бири. Аны уткан балбандар Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге, анын ичинде быйыл өтө турган Париж Олимпиадасына ойнотула турган лицензиялык мелдештерге (Олимпиадалык оюнда бар салмакта күрөшкөн балбандар) катышат.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

Азырынча эркин күрөштөн Кыргызстанда Париж Олимпиадасына эч ким жолдомо ала элек.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.