УКМК: КР УКМК 9-кызматынын кызматкери ок атуу боюнча 3-орунду ээледи

0

2024-жылдын 22-февралынан 29-февралына чейин Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында ок атуу боюнча «Алтын Мерген» эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү. Бул мелдешке алты өлкөдөн: Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 230 аткыч катышты. “Алтын мерген” атуу мелдештин жыйынтыгында 3-орунга КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээ болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.