УКМК Академиясында курсанттардын салтанаттуу бүтүрүү аземи болуп өттү

0

УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясында Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарын аяктаган бүтүрүүчүлөргө алгачкы офицердик наамдарды жана дипломдорду тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти .

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери катышты.

УКМК жетекчилиги Академияны улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди сапаттуу даярдаган алдыңкы ведомстволук окуу жайы катары мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугун камсыз кылуу жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү болушу зарыл экендиги айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, улуттук коопсуздук органдарынын алдында турган заманбап чакырыктарды жана талаптарды эске алуу менен, билим берүү процессин андан ары өнүктүрүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, заманбап билим берүү технологияларын ишке ашыруу, илимий потенциалды өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.