3-июлга карата аба ырайы

0
Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Таласта +24…+29, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын регионунда +17…+22 градуска жетет.
Бул күнү Бишкек, Ош, Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +28…+30, Ошто +30…+32, ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градуска жетет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.