АЯЛЫНЫН МОЙНУНА ДӨҢГӨЛӨК ИЛИП КЫЙНАГАН АДАМ СОТ ЗАЛЫНАН БОШОТУЛДУ

0

Аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кыйнаган киши күнөөлүү деп табылды. “Акыйкат” укук коргоо уюмунан билдиргендей, эркек киши сот залынан бошотулуп, эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 8-июнь күнү Сузак районундагы Бек-Абад айылында 51 жаштагы Б.З. аттуу тургун үйүндө 47 жаштагы. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап муздак суу чачкан. Анын мындай жоругуна жубайы эки күн бир тууган эжесинин үйүндө түнөп келгени себеп болгон.

Зомбулук көргөн аял жолдошун кечирип, милицияга тосмо арыз жазган болчу.

Булак:Элдик Медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.