Казакстан коронавирус жайылган алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди

0

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди.

Расмий статистикага ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине 63 миңден көп адам чалдыкса, 375 адам көз жумду.

Буга пневмония менен ооругандар кошулган жок. Казакстанда пневмониядан каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100 миңге чукул адам пневмония болгон.

Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия тизменин сап башында турат.

АКШда бул илдеттен каза болгондордун саны 136 миңден ашты. Өлкөнүн батыш жана түштүк штаттарында күнүнө 60 миңдей адамдан коронавирус аныкталып жатат.

Булак: Барс Медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.