Сузакта 18жаштагы бала кайненесин 16 жолу бычактап өлтүргөн

0

 Сузакта өзгөчө мыкаачылык менен кайненесин бычактаган шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.

1-июль күнү саат 08:00 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун айылдарынын биринен адамдын өлүгү менен байланышкан кылмыш туурасында чакыруу келип түшкөн.

Чакыруу боюнча окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилиги толугу менен барган учурда короодо ошол үйдүн тургуну 1957-ж.т. О.О. (аял киши) киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган жана тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган окуя “Киши өлтүрүү” беренеси менен катталып, сотко чеийинки өндүрүш иши башталган.

О.О.нун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде 16 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Мындан сырткары каза болгон жарандын күйөөсү дагы 1954-ж.т. О.Д. денесинен жаракат алып 3 жолу (кесилген) бычак сайылып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Кылмыштын изин суутпай Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катарында маркумдун күйөө баласы Сузак районунун тургуну 2002-ж.т. Т. А. жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Алдын ала алынган маалыматка караганда шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабап жаткандыктан ата-энесинин үйүнө келе берген. 29-июнь күнү күйөөсү аны алып кетемин деп келгенде апасы О.О. кетирбей койгон. Кетип жатып күйө баласы “болбосо өлтүрөмүн” деген сөзүн белгилеп, коркутуп кеткен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында атайын шапкадан маска жасап тагынып алып келген. Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүзү кел деп жооп кайтарышканда, ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын бир нече жолу сайып оор жаракат келтирген. Жубайын скотч менен колун, оозун байлап күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү бекинип жашынып алган.

Учурда аталган кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБдин УКЖна киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак  Элдик Медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.