Фейсбукта Asylbek Abdrahman аттуу колдонуучу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында илинген жол жээгиндеги баннердин сүйрөтүн баракчасына жарыяланды. Сүрөттө баннердеги “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”,-деген сүйлөмгө автор катары Исхак Раззаков эмес, Жусуп Баласагындын аты жазылганын көрүүгө болот. Азыркы тапта бул баннер фейсбук колдонуучулары тарабынан талкууга алынууда.
